ОшМУнун студенти эл аралык форумда туризм боюнча баяндама жасады

Башкы Окуялар

ОшМУнун студенти эл аралык форумда туризм боюнча баяндама жасады

Image

STEM инновациялык коллежинин студенти Жасмина Иманалиева Астанада өткөн IV Эл аралык илимий форумда туризм тармагында жаш адистерди даярдоодо эл аралык кызматташтыктын ролу тууралуу баяндама жасады.

Форум 9–11-апрель күндөрү International Centre of Scientific Collaborations тарабынан уюштурулуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мектеп окуучуларын, студенттерди, мугалимдерди бириктирди. Ага ОшМУнун атынан студент Иманалиева жана илимий жетекчиси Буниса Абдымомунова катышты.

Буниса Абдымомунова өз баяндамасында экологиялык маданият жана билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Форумдун алкагында катышуучулар эл аралык илимий долбоорлор менен таанышып, алдыңкы университеттерди көрүп, чет өлкөлүк адистердин мастер-класстарына катышып, эл аралык сертификат алышты. Ошондой эле Назарбаев университетине барып, белгилүү окумуштуу Дүйшөн Шаматов менен жолугушту.

Жыл сайын өтүүчү бул форум ЮНЕСКО жана бир катар эл аралык илимий уюмдар менен кызматташтыкта уюштурулат жана илим, технология, инновация багытындагы глобалдык демилгелерди колдоого багытталган.

 

Фото галерея