ОшМУнун окутуучулары жана студенттери бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулашты

Башкы Окуялар

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулашты

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары жана студенттери 2-июнда Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборундагы бөбөктөрдөн кабар алышты.

Анда кафедранын окутуучулары балдарга таттууларды, оюнчуктарды жана башка керектүү белектерди тапшырышты. Мындан тышкары, студенттер тарабынан даярдалган кол өнөрчүлүк буюмдары, сүрөттөрдүн көргөзмөсү тартууланды. 

Иш-чара башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өттү. 

Максаты борбордо тарбияланып жаткан балдарга майрамдык маанай тартуулоо, ошондой эле жаш муундар арасында кайрымдуулук, боорукерлик жана социалдык жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.