ОшМУ Италиянын университети менен кызматташуу келишимин түздү

Башкы Окуялар

ОшМУ Италиянын университети менен кызматташуу келишимин түздү

Image

17-ноябрда Ош мамлекеттик университети Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети (University of Cassino and Southern Lazio, UNICAS) менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Келишим эки окуу жайдын билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк багыттарындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө жол ачат. Меморандумга ылайык, студенттер, окутуучулар жана административдик кызматкерлер алмашуу программаларына катыша алышат. Ошондой эле эки университет биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырып, маданий иш-чараларды уюштурат. Бул кызматташтык эки окуу жайдын ортосундагы академиялык байланыштарды кеңейтүүгө да мүмкүнчүлүк берет.

Документке онлайн форматта Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Кассино жана Түштүк Лацио университетинин ректору Марко Делл’Изола (Marco Dell’Isola) кол коюшту. Келишим беш жылга түзүлдү. Тараптардын өз ара макулдашуусу менен анын мөөнөтүн узартууга болот.

Эки университеттин ортосундагы байланышты түзүүгө юридика илимдеринин доктору, профессор Аманай Акматова, окумуштуу катчы Жамиля Асанбекова, Тарых-юридика институтунун директору Жылдыз Айтбаева салым кошушту.

Кассино жана Түштүк Лацио университети Италиядагы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бири. QS World University Rankings 2027 рейтингинде дүйнөнүн 1001–1200-орундар тобуна кирген. Ал эми Times Higher Education рейтингинде 601–650-орундарды ээлейт.

 

Фото галерея