![](https://oshsu.kg/public/storage/uploads/thumbnail/3fTcHh0G6uywI2KYPozUxbKcmAV0y0JymkMRe8p4.png)
Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык спорт комитети 8-март - Аялдардын Эл аралык майрамына карата мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана студенттери арасында волейбол турнирин өткөрдү.
Мелдешке ОшМУдан эжекелерден жана студенттерден куралган 2 команда катышып, баш байгени жеңип, чемпион болушту.
Окутуучу айымдар ортосунда өткөн волейбол мелдешинде 19 команда, студент кыздар арасындагы мелдеште 8 команда оюн көрсөтүшкөн.
Чемпион болгон окуу жайдын 2 командасын жеңиши менен куттуктап, ийгилик каалайбыз.