![](https://oshsu.kg/public/storage/uploads/thumbnail/O2d1KwdFCSpCNU7ztaf55FSRfQ8XznpLIGrO2z6T.jpeg)
Гонконг эл аралык марафонун алкагында өткөн Азия чемпионтында ОшМУнун магистранты, өлкөнүн жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Гүлшанай Сатарова күмүш медаль тагынды.
Спортчу кыз-келиндер арасында 42.195 метр аларыкты 2:36.32 убакытта чуркап өттү.
Магистрант Гүлшанай Сатарова Азиянын чемпиону, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2023-жылы Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында командалык жарым марафон боюнча Азия чемпионатында биринчиликти алып, алтын медаль тагынган.
Гүлшанай Сатарова Кыргызстандын олимпиадага даярданып жактан 15 спортчусунун катарын толуктайт.