![](https://oshsu.kg/public/storage/uploads/thumbnail/3fTcHh0G6uywI2KYPozUxbKcmAV0y0JymkMRe8p4.png)
Орусиянын Воронеж шаарында II Эл аралык жаштардын морфологиялык симпозиуму өттү. Илимий иш-чара Орусиянын Илимдер академиясынын 300 жылдыгына арналган XX Эл аралык Бурденков атындагы илимий конгресстин алкагында уюштурулду.
Симпозиумга ОшМУнун медицина факультетинин 6 студенти аралыктан катышып, тематикалык баяндамаларды жасашты.
Жыйынтыгында 2-курстун студенти Мира Тажибаева жана 1-курстун студенти Азамат Сактановдун баяндамалары 3-орунга татыды.
Эл аралык жаштардын морфологиялык симпозиумунда студенттердин баяндамаларын караган калыстардын катарында ОшМУнун медицина факультетинин доценти Кыялбек Сакибаев да болду.