ӨЗБЕКСТАНДА ЭКИ ӨЛКӨНҮН РЕКТОРЛОРДУН ЭКИНЧИ ФОРУМУ ӨТТҮ

Башкы Жаңылыктар

ӨЗБЕКСТАНДА ЭКИ ӨЛКӨНҮН РЕКТОРЛОРДУН ЭКИНЧИ ФОРУМУ ӨТТҮ

Image

 

2024-жылдын 16-17-июлунда Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форуму өттү.
Кыргызстандын делегациясын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеп,  алдыңкы ЖОЖдун ректорлору катышты.

Иш-чарада эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Форумга катышкан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий жана бизнес чөйрөлөрүнүн интеграциясы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн фактору катары: ОшМУнун тажрыйбасында” деген темада баяндама жасады.

Өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ректорлорунун 1-эл аралык форуму өткөн.

Фото галерея