ОшМУда "Согуп турган жүрөккө кан тамыр улоо" операциясы жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда "Согуп турган жүрөккө кан тамыр улоо" операциясы жасалды

Image

Бүгүн, 26-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 65 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө аортокоронардык кан тамыр улоо операциясы жасалды. Дарыгерлер аны “согуп турган жүрөккө кан тамыр улоо” деп аташкан. 

“Бул операция жүрөктүн кан айлануу системасын жакшыртуу үчүн жүргүзүлгөн хирургиялык операция болуп саналат. Анда жүрөктүн кан айлануусун камсыздай турган жаңы кан тамырларын түзүү аркылуу анын иштөөсү жеңилдейт. Жүрөккө кандын жетишсиздигин калыптандырат.  Натыйжада бейтаптын жүрөгүнүн иштеши жакшырып, кан айлануунун нормалдашуу мүмкүнчүлүгүн берет”, - деди кардиохирург, профессор Бакытбек Кадыралиев.

Операцияны клиниканын кардиохирургу Жакшылык Абдимиталип уулу баштаган дарыгерлер жана Орусиядан чакыртылган кардиохирург Бакытбек Кадыралиев жасашты. Ал эки саатка созулуп, учурда бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

 “Буга чейин медициналык клиникада оор жана жеңил түрдөгү операциялар жасалып жаткан. Биз жакынкы аралыктан бери кардиохирурхиялык операцияларды жасоого ылайыктуу шарттарды түздүк. Учурда кардиохирургия багытында 30дан ашуун операция жасалды. Мындан ары да клиникада акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар алынып, жарандардын ден соолугуна кам көрүүгө шарттар түзүлөт”, -дейт ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Клиникага жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо жана дарылоо үчүн Philips аппараты орнотулган. Дарыгерлер ал жабдык менен жакынкы күндөрү дарылоону башташат. Учурда борбордо операциялардын бардык түрү жасалат. Ал эми бөлүмдөрү заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

 

Фото галерея