Орусиянын Уфа шаарында өткөн "Дары каражаты: идеядан бейтапка чейинки жол" аттуу эл аралык олимпиадада ОшМУнун Медицина факультетинин студенттеринен түзүлгөн команда 3-орунду алды.
Сынак 22-ноябрда болгон. Ага төрт өлкөдөн 9 команда катышкан.
ОшМУнун командасынын курамында фармация жана дарылоо иши адистигинде билим алган төрт студент бар. Аларды Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Ибрагим Атабаев менен Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын башчысы Жекшен Маматов жетектеп барган.