Евразиялык мейкиндик глобалдык трансформациялар доорунда ОшМУнун жетишкендиги айтылды

Башкы Жаңылыктар

Евразиялык мейкиндик глобалдык трансформациялар доорунда ОшМУнун жетишкендиги айтылды

Image

9-10-декабрь күндөрү Алматыда өткөн "Евразиялык мейкиндик глобалдык трансформациялар доорунда" аталышындагы конференцияда ОшМУнун тажрыйбасы жана жетишкендиги боюнча баяндама жасалды. 

Тарых-укук институтунун жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти Жылдыз Айтбаева Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында билим берүү долбоорлорунун маанисин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө ОшМУнун эл аралык кызматташтыктагы негизги жетишкендиктерине токтолуп, кадрларды даярдоодогу ийгиликтери менен бөлүштү.

Ал эми институттун студенти Айсулуу Мамасадыкова "Кыргызстандын түштүгүндөгү жаштар туризминин перспективалары" деген баяндама жасады. Ал келечек муундун бул жааттагы демилгелери аймактын маданий алмашуусун, экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштыруучу фактор катары кандай роль ойной аларына токтолгон.

 

 

 

Фото галерея