Студенттерге билим берүүдө алдыңкы тажрыйбалар жайылтылууда

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге билим берүүдө алдыңкы тажрыйбалар жайылтылууда

Image

“ОшМУнун заманбап лектору – 2024” жана “Заманбап студенттердин өз алдынча иши чебери – 2024” сынактарынын жеңүүчүлөрү окуу жайдын студенттерине өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Алар жаштарга гуманитардык багытта окутууда жаңы технологияларды жана жасалма акылды пайдалануу, жасалма интеллект менен тапшырма түзүү, чыгармачыл химиялык эксперимент, анатомия сабагында СӨАИни жүргүзүү боюнча мастер класстарды өтүп беришти. 

Окутуунун жүрүшүндө суроо-жооптор, талкуулар жана катышуучулардын кайтарым байланыштары орун алды. Семинар ОшМУнун башкы имаратында башталып, Теология факультетинде, ФЮКта жана Тарых-юридика институтунда улантылды. 

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан окутуудагы инновациялык тажрыйбаларды жайылтуу максатында атайын семинар уюштурулду.

 

Фото галерея