ОшМУда профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлердин арасында 32-спартакиада уланып жатат. Ага 40 жашка чейинки жана 40тан жогоркулар арасында түзүлгөн командалары катышууда. Оюндар декабрь ичи болмокчу. Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашууда.
Учурда алгачкы жыйынтыктар чыгып, жеңүүчүлөр аныктала баштады. Ага ылайык, 40 жашка чейинки баскетбол боюнча мелдеште Кыргыз-Кытай факультетинин командасы биринчи орунду алды. Экономика, бизнес жана менеджмент институту экинчи, “Ыйман” гимназиясы үчүнчү болду.
Ал эми 40 жаштан жогоркулар арасындагы кичи футболдон биринчиликти Тарых жана юридика институту ээледи. Медицина факультети экинчи, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту үчүнчү орунду багындырды.
40 жашка чейинкилердин кичи футболунда Кыргыз-Кытай факультети биринчи орунду, Медицина факультетинин командасы экинчи, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту үчүнчү орунду ээлешти.
Шахмат боюнча эркектер арасындагы мелдеште Медициналык колледждин командасы биринчини берген жок. Экономика, бизнес жана менеджмент институту экинчи орунду, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту үчүнчү орунду жеңип алышты.
Оюндун ушул эле түрүнөн аялдар арасындагы мелдеште Экономика, бизнес жана менеджмент институту биринчи, Медицина факультети экинчи, STEM инновациялык колледжи үчүнчү орунду ээлешти.
Ал эми волейбол боюнча 40 жашка чейинки аялдар арасындагы оюнда биринчи орунду Кыргыз-Кытай факультети алды. Экинчини Индустриалдык-педагогикалык колледжи, үчүнчү орунду Медицина факультети жеңди.
Учурда оюндун башка түрлөрү боюнча мелдештер жүрүп жатат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө ректорат жана кесиптик кошуун тарабынан кубок, медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылат.