“Кыргызча оңой” тиркемесинин таанытымы өттү

Башкы Жаңылыктар

“Кыргызча оңой” тиркемесинин таанытымы өттү

Image

 

Ош мамлекеттик университетинде   кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүү максатында иштелип чыккан “Кыргызча оңой”(“Easy Kyrgyz”) мобилдик тиркемесинин А1 деңгээлинин таанытымы өттү. Ага окуу жайда билим алган чет элдик студенттер катышты. Малыматтарды аларга кыргыз тилинен англисчеге доцент Райкан Ысмаилова которуп берди.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин айтымында, тиркеме комиссиянын буюртмасы менен жасалган. Ал жыйында  жаштардын тилге болгон кызыктуу суроолоруна жооп берди.

ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова мамлекеттик тилди жайылтууда мындай технологиялык кадамдардын маанисин белгиледи. Ошондой эле колдонмо боюнча эң көп балл чогулткан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

“Кыргызча оңой” тиркемеси аркылуу интерактивдүү көнүгүүлөрдү, оюн форматындагы тапшырмаларды жана грамматиканы өздөштүрсө болот. Тилди үйрөнүүгө жеңил жана кызыктуу.

Фото галерея