Бокс боюнча жаштар арасында туңгуч Дүйнө чемпиону, Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери Айбек Абдымомуновдун наамына арналган чемпионатта ОшМУнун студенти Чынара Ахматалиева чемпион болду. Ал 65 кг салмак категориясында күч сынашты.
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 9-декабрда башталып 13-декабрда жыйынтыкталды. Ага аймактардан келген 219 спортчу катышты.
Чынара Ахматалиева беш жылдан бери бокс менен машыгып келет. Ал буга чейин Кыргызстандын эки жолку жана эл аралык чемпионаттын эки жолку жеңүүчүсү болгон. Чынара спорт чебери. Учурда медицина факультетинин дарылоо иши адистигинде билим алат.