Студенттер ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Image

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин студенттери Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган ачык эшиктер күнүнө катышты. Окуу жайда дуалдык билим берүүнү ишке ашыруу максатында уюштурулган иш-чарага укук таануу жана укук коргоо иши адистигинде окуган 1-2-курстун студенттери катышты.

Жолугушууда студенттер ички иштер органдарынын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү өзгөчөлүктөр жана көйгөйлөр боюнча маалымат алышты. Андан сырткары милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердиги, алар үчүн түзүлгөн шарттар, кылмыштуулуктун алдын алуу, аны менен күрөшүүдө колдонулган материалдык техникалык жабдуулар менен таанышты. Жыйынтыгында атайын кызматтын өкүлдөрү терроризм, наркомания, майда кылмыштар боюнча лекция окуп беришти.

 

Фото галерея