ОшМУнун психологдору Өзбекстанда тажрыйба алмашууда болду 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун психологдору Өзбекстанда тажрыйба алмашууда болду 

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Психология кафедрасынын окутуучулары, магистрлери жана студенттери Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинде тажрыйба алмашып келди. 

Алар психодиагностика, психологиялык кеңеш жана психологиялык анализ багыттары боюнча ачык сабактарга катышты. Ошондой эле аталган окуу жайдагы бул тармакка түзүлгөн шарттар менен таанышты. 

Делегация коңшу өлкөгө академиялык мобилдүүлүк программасынынын алкагында барышкан. Иш сапар педагогикалык жана илимий тажрыйба алмашуу, билим берүү мекемелеринин ортосундагы академиялык байланышты чыңдоого багытталат. Аларды Фергана мамлекетттик университеттин профессору, психология илиминин доктору Муаззам Исакова чакырган. Тараптар алдыда бир нече багыттар боюнча кызматташуу маселесин сүйлөштү.

Фото галерея