Самарканд: эл аралык олимпиада ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

Самарканд: эл аралык олимпиада ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

Image

13-14-декабрда Самарканд мамлекеттик медициналык университетинин демилгеси менен медициналык ЖОЖдордун студенттеринин арасында “Самарканд-2020” аттуу бешинчи эл аралык олимпиада өттү.

Анда ОшМУнун Медицина факультетинин студенттери Айбийке Полотбек кызы экинчи орунду алды. Ал эми Абдуллох Саматов, Акзыйнат Эралы кызы, Айпери Нурбек кызы жана Арууке Максутова Арууке үчүн орунду ээлешти. Мындан тышкары команданын видеоролиги да жалпы командалалар арасында үчтү багындырды. 

Катышуучулар 42 багытта билимин сынашкан. 

Олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин деканы Исматилла Ыдырысов, Гистология жана патанатомия кафедрасынын профессору Сүйнали Шатманов баштаган кафедра башчылар, окутуучулар жана факультеттин он студенти катышты.

Самарканд мамлекеттик медициналык унуверситети ОшМУнун жамаатына тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык кат тапшырды. 



 

Фото галерея