14-декабрда Казакстандын Алматы шаарында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата "Саякбай Каралаевдин чыгармалар жыйнагынын" бет ачар аземи жана "Саякбай, Мухтар жана Мурат Ауэзовдор эс тутуму" аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Гүлжан Койчуманова онлайн катышты.
Жыйынга кыргыз жана казак элинин окумуштуулары, манасчылар, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Аземде ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Ауэзов институтунун директору, академик Кенжехан Матыжанов, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Улукбек Эсдаулет, Казакстандын Калк артисти Сакен Карим уулу, Ауэзов үй музейинин директору Диар Конаев жана башкалар баяндама жасашты.
Кыргыз-казак окумуштууларынын ортосунда өткөн бул иш-чара Улуттук Манас академиясы, “Түрксой” уюму жана Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү комитети тарабынан уюштурулган.