ОшМУнун Чыгыш таануу институту менен Эл аралык билим берүү программалары колледжи 18-декабрь – Эл аралык араб тили күнүн белгилешти. Иш-чараны ректор Кудайберди Кожобеков ачып, араб тилин окуп жаткан студенттерди, магистранттарды жана окутуучуларды майрамы менен куттуктады.
“Учурда Чыгыш таануу институтунда жүздөн ашуун студент, магистранттар араб тилин окуп жатышат. 2018-жылы Катар мамлекетинин каржылоосу менен "Катар-Араб окуу жана котормо" борбору, 2024-жыл жылы Сауд Арабия падышачылыгынын каржылоосу менен "Араб тили жана маданияты" борбору ачылып иш алып барууда. Чыгыш таануу институтунун студенттери жана магистранттары Египетте, Иорданияда академиялык мобилдүүлүк программасы менен биилм алып жатышат”, -деди Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев.
Кеченин жүрүшүндө Жолдошбек Бөтөнөевдин, институттун "Катар-Араб окуу жана котормо" борборунун жетекчиси Шерзодбек Носировдун, институттун бүтүрүүчүлөрүнүн атынан уюштурулган стипендия тапшырылды. Ага ылайык, институттун жана колледждин алдыңкы жети студентине 10 миң сом, 20 миң сом жана 500 доллар өлчөмүндө берилди.