Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучулары жана студенттер Ош шаарындагы адистештирилген жатак мектептин окуучуларына жаңы жылдык иш-чара уюштурушту.
Кечеде студенттер өзгөчө камкордукка муктаж балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн майрамдык маанай тартуулашты. Атайын даярдалган концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюндар ойнотулду. Ошондой эле белектер да тапшырылды.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай кайрымдуулук иш-чаралар балдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулап, коомго жакшылыкты жайылтууга шарт түзөт.
Мектеп жамааты бул демилгени колдоого алып, уюштуруучулар менен катышуучуларга терең ыраазычылык билдиришти.