ОшМУнун эң мыкты студенттерине «Атуулдук стипендия» тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун эң мыкты студенттерине «Атуулдук стипендия» тапшырылды

Image

Бүгүн, 24-декабрда ОшМУнун он студенти «Атуулдук стипендия» алды. Аларды сыйлоо үчүн «Идея, аракет, натыйжа” аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты.

Кожобеков студенттерге кең келечек каалады. 

«Бул силерге чек болбошу керек, ийгиликтериңердин башаты болуш керек», -деди ректор.

2024-2025-окуу жылында «Атуулдук стипендия» алган студенттер: 

Мээрим Айтмаматова – Педагогика, искусство жана журналистика институтунун 4-курсунун студенти; 

Нуржанат Токторбек кызы – Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун 4-курсунун студенти; 

Алтынай Раззакова – Медицина факультетинин 5-курсунун студенти; 

Мээрим Кадырова – Кыргыз-Кытай факультетинин 4- курсунун студенти;

Нурбүбү Курстанбек кызы – Филология жана маданият аралык коммуникация институтутунун 4-курсунун студенти; 

Жанара Ысмаилова – Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти; 

Аскар Мамадалиев – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин 3-курсунун студенти;  

Кымбатбек уулу Низами – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин 4-курсунун студенти; 

Мырзайым Эрматова – Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун 4-курсунун студенти;

Бактыярбек уулу Эржан – Тарых жана юридика институтунун социалдык экономикалык билим берүү адистигинин 4-курсунун студенти. 

Иш-чарада ОшМУнун ТОП–20 студентине 10 миң сомдон берилди. Алар AVN программасында жана окуудагы эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгондор. Мындан сырткары жыл ичинде мыкты жыйынтыктарга жеткен жаштарга да сыйлыктар ыйгарылды.

«Аттуулдук стипендия» Кыргызстандагы эң абройлуу стипендиялардын бири болуп эсептелет. Ал өз алдынча аракеттенип, коомдук иштерге активдүү катышып келген, сабактарын мыкты өздөштүргөн студенттерге тапшырылат. Мында ОшМУдан сырткары чет өлкөлөргө чыгып, илимий, билим берүү жаатында өз тажрыйбасын кеңейтип, кесиптик чеберчилигин өнүктүргөнү да каралат. 

Стипендиаттарды тандоо «ОшМУнун мыкты студенти» сынагы жөнүндө жобонун негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, конкурс эки баскыч менен өтөт. Биринчиси факультеттик, ал эми экинчи этап университеттик деңгээлде болот. 

«Аттуулдук стипендия» он жылдан ашуун убакыттан бери туруктуу берилүүдө. Мында бир студентке айына 100 доллардан которулат. Бул сумма жылына 1200 долларды түзөт. Стипендия ОшМУда эмгектенген, илимдин доктору, профессор, меценант агай тарабынан берилип келет. 

2012-жылдан тартып «Атуулдук стипендия» алган студенттердин саны элүү бешке жетти.

 

Фото галерея