Ош мамлекеттик университетинде “Идея, аракет, натыйжа” аталышындагы жылдын мыкты студенттерин сыйлоо аземи болду. Анда IT FEST 2024 “CYBER KYRGYSTAN” фестивалында киберспорт, хакатон жана робототехника боюнча биринчи орунду ээлеген Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун студенттери сыйланды.
Ошондой эле “G-Face”, “ZN Incluzive” стартап долбоорлору боюнча жеңишке жеткен студенттерге да сыйлык тапшырылды.
Евразиялык долбоор мектебинде финалист болгон Тарых жана юридика институтунун студенттери, “World skill's Кыргызстан" биринчи республикалык чемпионатында, Текстил өнүктүрүү борбору уюштурган колледждер арасындагы "Fashion Hakaton Кыргызстан", "Eco-Fashion Kyrgystan" сынактарында ийгилик жараткан Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери сыйланды.
“Самарканд-2020” эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээлеген Медицина факультетинин студенттери, Шайыр тапкычтар клубу боюнча республикалык турда төрт жылдызды багындырган “Girls Style”, “Жаратмандар” ыктыярчылар командалары да белектерге ээ болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө спорт тармагында ийгилик жараткандар да сыйланды. Алар – волейбол боюнча презденттин кубогунун үч, республикалык волейбол боюнча кыз-келиндер чемпонатынын эки жолку чемпиону болгон ОшМУнун кыз-келиндер волейбол клубу жана өлкөнүн волейбол боюнча чемпионатынын бир, презденттин кубогунун үч жолку жеңүүчүсү аталган ОшМУнун балдар волейбол клубу. Мындан тышкары өлкөнүн футзал боюнча кубогунун жеңүүчүсү болгон Футзал клубу да сыйланды.
Бокс, таяк тартыш, грек-рим күрөшү жана башка спорттун түрлөрү боюнча жыл ичинде ийгилик жараткан студенттерге да сыйлык ыйгарылды. Катышуучуларга ОшМУнун ыраазычылык баракчалары менен акчалай сыйлык тапшырылды.