ОшМУнун 85 жылдыгына арналган мектептер аралык турнир уюштурулуп, баш байгени Ош шаарындагы №3 М.В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясы жеңип алды. Биринчи жана экинчи орунду №6 А.С. Макаренко мектеби ээледи. Ал эми үчүнчү орунду «Грамотей» мектебинин командасы камсыз кылды.
Таймаш 23-декабрда окуу жайга караштуу Эл аралык медицина факультетинде өттү. Ага Ош жана Кара-Суу шаарларындагы алты мектептин 9-11-классынын окуучулары катышып, биология, химия, анатомия, медицина негиздери боюнча теориялык жана практикалык билимин көрсөтүштү.
Бул иш-чара мектеп менен университеттин байланышын бекемдеп, окуучулардын медициналык билим берүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, алардын билимин бекемдөө максатында уюштурулду.