Байболот Абытов Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер наамына татыды

Башкы Жаңылыктар

Байболот Абытов Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер наамына татыды

Image

Ош мамлекеттик университетинин профессору Байболот Абытов мамлекеттик сыйлыкка татыды. 

23-декабрда Бишкектеги “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында ага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам ыйгарылды. Сыйлык өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн берилген. 

62 жаштагы Байболот Абытов ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору. Ошондой эле "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси.

Ал 400дөн ашуун илимий макаланын, 12 монография жана китептердин автору. Анын  жетекчилигинде 11 кандидаттык диссертация ийгиликтүү корголгон. Мындан тышкары эки докторлук илимий иштин кеңешчиси болуп саналат.