ОшМУ: окутуучулар окуу-методикалык документ даярдоо боюнча окутуудан өтүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ: окутуучулар окуу-методикалык документ даярдоо боюнча окутуудан өтүүдө

Image

Окутуу 8-январдан 15-январга чейин уланат. Анда алар билим берүүдө окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана заманбап технологияларды пайдалануу боюнча үйрөнүшүүдө. 

Тренерлер мамлекеттик билим берүү стандарттары, өзгөчөлүгү, структурасы, принциптери, талаптары, компетенцияларды калыптандыруучу технологиялар, компетенттүүлүк мамиледе түзүлгөн дисциплинанын окуу-методикалык комплекси боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. 

Аны менен катар эле студенттердин билимин баалоо, компетенцияларды калыптандырууда жана окутууда жасалма интеллектти пайдалануу, ОшМУнун электрондук-маалымат жана билим берүү ресурстары, тестирлөө системалары боюнча мастер класттар көрсөтүлдү. 

Тренинг-семинарды Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү менен ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору биргеликте уюштурган. Максаты – угуучуларды аракеттеги мамлекеттик билим берүү стандарты менен иштөөгө, компетенттүүлүк мамиледе окуу-методикалык иш кагаздарын жана заманбап сабактардын иштелмелерин түзүүгө даярдоо болуп саналат. 

 

Фото галерея