Оштогу педагогдор ОшМУнун базасында кесиптик чеберчилгин жогорулатууну баштады

Башкы Жаңылыктар

Оштогу педагогдор ОшМУнун базасында кесиптик чеберчилгин жогорулатууну баштады

Image

Бүгүн, 14-январда Ош шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча окуу курстары башталды. Бул демилге ОшМУ менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде ишке ашууда. 

Буга байланыштуу окуу жайда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаевдин жана мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өттү. Анда окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу маселеси талкууланды. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын арттырууда мектеп директорлорунун орду, 2022-2023-жылдарга карата жалпы республикалык тестирлөөгө жүргүзүлгөн талдоо боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, курска жалпысынан калаадагы 70 билим берүү мекемесинин директорлору жана мугалимдери катышууда. Жалпысынан 840 адис кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүшөт. Окутууну ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороев баштаган мугалимдер жүргүзөт. 

 

Фото галерея