Ош шаарындагы мектептердин тарых мугалимдери олимпиадаларга жана жалпы республикалык тестке даярдоо боюнча окутуудан өтүштү. Тренинг 23-январдан 28-январга чейин ОшМУнун Тарых-юридика институтунда болду.
Анда мугалимдерге жалпы тарых жана анын окутуу усулдары боюнча тереңдетилген маалыматтар берилди. Семинарды институттун Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гүлзада Жумашова менен Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология кафедрасынын окутуучусу Куттубек Орунбай уулу өтүштү. Ошондой эле ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун кызматкерлери да тажрыйбасы менен бөлүштү.
Катышуучулар семинар жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, адистерге ыраазычылык билдиришти. Алар Тарых-юридика институту жана квалификацияны жогорулатуу борбору менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин айтышты.
Институттун окутуучулары мындан ары да мектептер менен үзгүлтүксүз кызматташууну улантууну мерчемдеп жатат.