
Бүгүн, 5-мартта Ош мамлекеттик университетинде майыптыктын социалдык модели: укуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана инклюзия боюнча окутуу уюштурулду. Ага Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын кызматкерлери жана окутуучулары катышты.
Тренер, “Теңдик” коомдук фондунун төрайымы Гульмира Казакунова майыптыгы бар адамдардын укуктары, алар менен баарлашуунун этикети жана майыптык маселелерин изилдөө багытында маалыматтар менен бөлүштү. Катышуучулар топторго бөлүнүп иштеп, талкуулар уюштурулду. Жыйынтыгында аларга сертификаттар тапшырылды.
Окутуу калаадагы ЖОЖдордун кызматкерлеринин жана окутуучуларынын майыптыкты түшүнүү потенциалын жогорулатууну көздөйт. Ошондой эле социалдык-укуктук мамилени өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн майыптык чөйрөсүндөгү мыйзамдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.