ОшМУда DEFA долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда DEFA долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Image

Бишкекте эл аралык университетинде Erasmus+ программасынын DEFA: "Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында өткөн семинарга ОшМУдан Роман Калматов, Динара Курбанбаева жана Жылдыз Артыковалар катышты.

Окутуу 11-марттан 14-мартка чейин болду. Мында долбоордун Европадагы  өнөктөштөш университеттери финансылык башкаруу, финансылык автономияга мониторинг жүргүзүү, баалоо жана окуу жайдын финансылык автономиясын баалоо үчүн негизги көрсөткүчтөрдүн модели боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Ал эми Жылдыз Артыкова ОшМУда финансылык автономия моделин киргизүү тажрыйбасы жана анын аткарылышы боюнча отчет берди. 

Окуу жай долбоордун  «Ишке ашыруу 3–Жумуш пакетине» жооптуу болгон. Анын алкагында эки документ даярдалып, долбоордун координатору тарабынан бекитилген

 

Фото галерея