Чет өлкөлүк студенттер түстөрдүн майрамын белгилешти

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттер түстөрдүн майрамын белгилешти

Image

15-мартта ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин студенттери Холи майрамын белгилешти. Иш-чарада катышуучулар бири-бирине түстүү упаларды жана сууларды чачып, шаңдуу ыр-бийлер орун алды.

Холи – Индиядагы эң белгилүү майрамдардын бири. Ал жаздын келүүсүн белгилөө жана жамандыкты жакшылык жеңгенин даңазалоо үчүн өткөрүлөт. Майрам адатта, толук ай чыккан күнү (март айында) белгиленет.

Холи дүйнө жүзүндө белгиленип, көптөгөн өлкөлөрдө индус диаспорасы тарабынан да майрамдалат. Бул күнү адамдар бардык таарынычтарды унутуп, сүйүү жана ынтымакты даңазалашат. ОшМУ да бул майрам ар жылы өткөрүлөт. Ошондой эле индустардын эң чоң улуттук майрамы болгон Дивали да белгиленип келет.

Фото галерея