Мавлюда Узбекова «Борбор Азиянын мыкты студенти” аталды

Башкы Жаңылыктар

Мавлюда Узбекова «Борбор Азиянын мыкты студенти” аталды

Image

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин студенти Мавлюда Узбекова «Борбор Азиянын мыкты студенти» эл аралык сынакта жеңишке жетти. Сыйлык 15-мартта Казакстандын Астана шаарында тапшырылды.

Сынак коңшу өлкөнүн Билим-өркениети улуттук инновациялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулган. Анда студенттердин илимий-изилдөө иштери, макалалары, билим берүүгө кошкон салымы жана ийгиликтүү иш-аракеттери каралган. 

Мавлюда Узбекова ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин ортосундагы кош дипломдуу билим берүү программасынын алкагында окуйт.

 

Фото галерея