Окутуучулар Москвада илимий тажрыйба алмашты 

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Москвада илимий тажрыйба алмашты 

Image

ОшМУнун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары 31-марттан 6-апрелге чейин Москва шаарындагы П. Лумумба атындагы Элдердин достугу университетинде илимий тажрыйба алмашууда болду. 

Алар — Гулипа Мадмарова, Рахат Ормокеева, Гульзада Райымова жана Айбурак Шаимкулова. Окутуучулар   "Филологиялык илимдин жалпы жана жеке методологиясы" темасы боюнча 72 сааттык окуу программасын ийгиликтүү аякташты.

Ошондой эле мугалимдер "Заманбап лингвистика жана гуманитардык илимдердин актуалдуу проблемалары" аттуу бүткүл орусиялык илимий-методикалык конференцияга катышты. Мында алар илимий тажрыйба жана методикалык жаңылыктар менен бөлүштү.

Окутуучулардын айтымында, бул иш-чаралар алардын кесиптик квалификациясын жогорулатты. Аны менен бирге филологиялык илимдеги заманбап багыттар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.

 

 

Фото галерея