
ОшМУда 11-апрелде "Шайыр тапкычтар клубу-2025" болуп өттү. "Күлкү өмүрдүн мүлкү " аттуу таймашка окуу жайдын институт, факультет, колледждеринен жети команда ат салышты.
Күлкү күнүнө карата уюштурулган иш-чара студенттердин юмордук сезимин өстүрүү, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, достук мамилени чыңдоо, мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү жана таланттуу студенттерди табуу максатында уюштурулду.
Командалар өзүнүн шайыр, тапкычтыгын көрсөтүп, калыстардын сынынан өтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду Медициналык колледжинин "Карали юмара" командасы, 2-орунду Филология жана маданият аралык коммуникация институтунан "Элдин кыздары" командасы, 3-орунду Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин "Козулар" командасы ээлешти.
Жеңүүчүлөргө ОшМУнун студенттик кеңешинин кубогу, өнөктөштөрдүн атынан сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.