
2025-жылдын 10-11-апрелинде Ош шаарында Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган 1-эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын темасы — эт-май багытындагы «Ала-Тоо» кой тукумун өнүктүрүү. Иш-чарага мал чарбасы, агротехнологиялар жана ветеринария тармагындагы илимпоздор жана адистер, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандан келген илимий жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүү менен түздөн-түз байланыштуу болгон койлорду асылдандыруунун инновациялык ыкмалары, алардын эт продуктуулугун жана ден соолугун чыңдоо, атап айтканда 2-максат – “Ачкачылыкты токтотуу, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү, тамактанууну жакшыртуу жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү” негизги маселелери талкууланды. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда эт азыктарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн асылдандыруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен жогорулатуу маанилүү экендиги белгиленди.
Калкка жеткиликтүү тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга көмөктөшүүчү чарбаларда асыл тукум малдарды жана эффективдүү технологияларды өнүктүрүүгө байланышкан практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Конференциянын жүрүшүндө асыл тукум чарбага экскурсия уюштурулуп, катышуучулар кой өстүрүүнүн алдыңкы технологиялары менен таанышты.
Самарканд мамлекеттик университетинин ветеринария, мал чарбасы жана биотехнология кафедрасынын профессору Бахтияр Бакиров ОшМУнун Ветеринария жана биотехнология кафедрасынын ветеринардык клиникасы жана илимий лабораториялары Борбордук Азиядагы бүт шарттары бар акыркы заманбап техникалар менен жабдылган клиника жана лаборатория экенин айтты.
Буга чейин ОшМУда аталган пародадагы койлордун жаңы тукуму изилденген.