
ОшМУда ар жуманын ар ишемби күнү окуу имараттары, жатаканалардын ичи, тышы жуулуп, короолору, арыктары жана жол жээктери тазаланууда. Тазалоо иштерине окутуучулар жана студенттер активдүү катышууда.
Президенттин “Улуттук тазалык күнү” жөнүндө жарлыгына ылайык, Ош мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында ОшМУда атайын тескеме иштелип чыккан. Анда университеттин бардык окуу имараттарында, жатканаларында ар ишемби күндөрү тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.