
Казакстандын Талдыкоргон жогорку медициналык колледжи тарабынан уюштурулган эл аралык олимпиадада Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин фармация адистигинин 2-курсунун студенти Адинай Кубатбекова экинчи орунга ээ болду.
Сынакка аны колледждин фармациялык дисциплиналар предметтик-циклдык комиссиясынын төрагасы Орунбек Коланов жана окутуучу Эрмек Коргонбаев даярдаган.
Ошондой эле аталган эл аралык иш-чаранын алкагында Орунбек Коланов “Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүнүн көп түрдүүлүктөрү” темасында илимий баяндама жасап, катышуучулардын кызыгуусун жаратты.