Окутуучулар Өзбекстанда инсанга багыттап окутуу боюнча конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Өзбекстанда инсанга багыттап окутуу боюнча конференцияга катышты

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучулары «Адабият жана көркөм чыгармачылыкты окутууда инсанга багытталган ыкманы киргизүү» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара 19-апрелде Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинде болду.

Пленардык отурумда институттун атынан Замира Сабиралиева куттуктоо сөзүн жолдоп, «Юмор жана улуттук стереотиптер призмасы аркылуу дүйнөнүн когнитивдик-тилдик картинасын чагылдыруу» темасындагы баяндама жасады. Окутуучулар Гулмира Мамытова, Жипаргуль Касымова, Толгонай Темиралиева секциялык иштерге активдүү катышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.

“Иш-чара адабиятты жана көркөм чыгармачылыкты окутууда студенттин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инсанга багытталган окутуу ыкмаларын талкуулоого арналып уюштурулду. Анын алкагында заманбап окутуу усулдары, адабиятты үйрөтүүдөгү чыгармачылык мамилелер жана студенттердин жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутуу процессин жакшыртуу боюнча тажрыйба алмаштык”, –деп белгилешти катышуучулар.

 

Фото галерея