Бүгүн, 30-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинде «Менопауза жана андропаузаны диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө гормоналдык ден соолук, климактериялык мезгилде жаралган көйгөйлөрдү алдын алуу, ошондой эле менопауза жана андропаузанын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу маселелер каралды. Иш-чарада акушер-гинекологдор, урологдор, эндокринологдор жана терапевттердин ортосунда кесиптик кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Иш-чараны факультеттин акушердик, гинекология жана хирургиялык дисциплиналар кафедрасы уюштурду. Ага Эл аралык медициналык факультеттин, Медицина факультетинин, Медициналык колледждин окутуучулары жана студенттери, Ош шаары менен Ош облусундагы практикалык дарыгерлер, үй-бүлөлүк медицина адистери катышты.
Доцент Гулжамал Субанованын айтымында, конференцияда илимий баяндамалар окулуп, практикалык иштер уюштурулуп, катышуучулар арасында анкета жүргүзүлдү.
Менопауза – аялдын организми репродуктивдүү фазадан өтүп, этек кири толук токтогон мезгил. Адатта 45–55 жаш куракта болот. Бул гормоналдык өзгөрүүлөр менен коштолот.
Андропауза – эркектин курагына байланыштуу тестостерон деңгээлинин төмөндөшү. Бул да 45 жаштан кийин башталышы мүмкүн. Бирок жай жүрөт.
Эки абал тең табигый курактык процесстер, бирок дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу сунушталат.