КМШ жана ШКУ тармактык университеттерине катышкан жогорку окуу жайлар Бишкекте жолукту

Башкы Жаңылыктар

КМШ жана ШКУ тармактык университеттерине катышкан жогорку окуу жайлар Бишкекте жолукту

Image

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун университетине (ШКУ университети) катышкан жогорку окуу жайлардын иш-чарасы болуп өттү.

Жыйында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нурлан Омуров, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Александр Пойда, ШКУ университетинин координациялык кеңешинин координатору, Эл аралык долбоорлор жана тармак аралык өнөктөштүк борборунун директору, Россия элдер достугу университетинин өкүлү Лариса Ефремовалар сөз сүйлөштү. Ош мамлекеттик университетинин ректору, Кыргызстандагы Тармактык университеттин улуттук координатору Кудайберди Кожобеков онлайн форматта катышты.

Анда Тармактык университеттердин алкагындагы эл аралык билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Ошондой эле быйыл 25-июнда кол коюлган ТУ КМШ Координациялык кеңешинин протоколу жана 2025-26-окуу жылына арналган жылдык иш пландын бекитилиши, тармактык университеттин расмий веб-сайтын иштеп чыгуу жана иштетүү маселеси талкууланды. Биргелешкен билим берүү программаларынын аткарылышын, академиялык мобилдүүлүктү жана илимий изилдөөлөрдүн интеграциясын мониторингдөө маселелери да сөз болду. 

Жыйынга КМШ, ШКУ Тармактык университеттерине катышкан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Максаты — катышуучу мамлекеттердин интеграциясын колдоо, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү, илимий долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.

КМШ Тармактык университети жети өлкөнү, 47 алдыңкы жогорку окуу жайды бириктирет жана 37 багыт боюнча адистерди даярдайт. 

Фото галерея