Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директорунун окуу иштер боюнча орун басары Максатбек Орозов жана окутуучу Тынчтык Асилбеков Намангандагы илимий конференцияга катышып, баяндама жасашты.
Иш-чара аталган шаардагы Бизнес жана илим университетинде өттү. «Интеллектуалдык кылымда так илимдер жана инновациялык технологиялардын өнүгүү перспективалары: маселелер жана чечимдер» аталышындагы илимий жыйында интеллектуалдык доордо так илимдердин, инновациялык технологиялардын өнүгүү багыттары талкууланды. Ошондой эле заманбап илимий ыкмалар, билим берүү процессин санариптештирүү боюнча баяндамалар окулду.
Бизнес жана илим университети 49 бакалавриат, 14 магистратура жана беш докторантура программалары боюнча билим берет. Окуу жай АКШ, Корея, Австралия, Германия, Түркия, Индонезия, Малайзия, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандагы университеттер менен кызматташып жүрөт.