Ош мамлекеттик университетинин базасында абанын булганышын изилдеген мекемелер аралык IRCAPS илимий борбору ачылды.
Ачылыш аземи бүгүн, 18-ноябрда болуп, ага Токио илим институтунун профессору, дүйнөдөгү белгилүү окумуштуу Нобутоши Нава жана Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлү Нишигато Котаро баштаган делегация, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окутуучулар жана студенттер катышты. Кожобеков бул демилге Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы илим, билим берүү жана эл аралык кызматташуунун жаңы баскычы экенин айтты. Аны менен катар эле долбоор өлөдөгү эң курч көйгөйлөрдүн бирин чечүүгө багытталган масштабдуу жана стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Аталган борбордо кир абанын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири иликтенет. Мындан сырткары Ош, Бишкек шаарларында жана башка аймактарда абанын сапатын баалоо үчүн үйдүн ичи-сыртына өлчөгүч шаймандар жайгаштырылат. Бул иштерди жүргүзүү үчүн долбоорго катышкан командалар атайын стратегиялык план иштеп чыгат. Ошондой эле илимий борборго Токиодон окумуштуулар келип, ОшМУнун адистери менен чогуу иш алып барат. Ал жерде чогултулган маалыматтар тиешелүү мекемелерге жана кызыкдар тараптарга сунуш катары берилет.
Борбор ОшМУ Токио илим институту менен биргеликте аткарып жаткан “Спутниктик маалыматтарга, аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорунун алкагында ишке ашты. Мындан улам университеттин үч кызматкери Токио илим институтунда атайын даярдыктан өтүп, окуп келишти.
Аталган долбоор беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, 2025-жылдан тарта ишке ашырыла баштады. Аны Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Илим жана технология агенттиги (JST) каржылайт. Инвестициянын суммасы 5 млн долларды түзүп, илимий борбор үчүн керек болгон бардык техникалык жабдуулар алынган.
Долбоор Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Гидрометеорология кызматы, Эл аралык жогорку медицина мектеби, Ош мэриясы, эл аралык өнөктөштөр жана кызыктар тараптар менен бирге ишке ашууда. ОшМУ бул долбоордо негизги ишке ашыруучу тарап болуп саналат.