TOEIC эл аралык экзаменинде жогорку упай алган окутуучулар сыйланды

Башкы Жаңылыктар

TOEIC эл аралык экзаменинде жогорку упай алган окутуучулар сыйланды

Image

Бүгүн, 21-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде TOEIC Listening & Reading эл аралык экзаменинде эң жогорку упай алган окутуучуларга ректор Кудайберди Кожобеков Ардак грамоталарды тапшырды. 

Өзгөчө жыйынтыктар менен сыйланган окутуучулар:

  • Коомдук саламаттыкты сактоо жана далилдүү медицина курсу кафедрасынын окутуучусу Назгүл Самиева — 975 упай;
  • Патология, негизги жана клиникалык фармакология кафедрасынын окутуучусу Асель Ешиева — 945 упай;
  • Клиникалык дисциплиналар 1 кафедрасынын окутуучусу Айжан Оморова — 915 упай; 
  • Табигый илимдер жана математика кафедрасынын окутуучусу Феруза Айтиева — 905 упай.

Факультет окутуучуларынын бул жолу көрсөткөн жогорку жыйынтыктары алардын кесипкөйлүгүн, даярдык деңгээлин жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады. Бул жетишкендиктер профессордук-окутуучулук курамдын потенциалы менен эл аралык стандарттарга ылайык билим берүүгө болгон жогорку жоопкерчилигин айгинелейт. 

TOEIC экзамени – англис тилин кесиптик жана иш жүзүндө колдонууну баалоонун дүйнөлүк стандарты.

 

Фото галерея