ОшМУда адабият сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген кечелер өттү 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда адабият сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген кечелер өттү 

Image

12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде бир катар иш-чаралар уюштурулду. 

Анын алкагында Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда "Адабият - нарктуулуктун, улуулуктун башаты" аттуу жумалык өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен келген окумуштуулар, магистранттар, институттун студенттери жана окутуучулар катышты. Жумалыктын жүрүшүндө конок окумуштуулар студенттерге адабият боюнча баяндамаларды окуп беришти. Ошондой эле Ош шаарындагы жаш мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү максатында студенттер тарабынан кыргыз адабиятын окутууга багытталган мастер-класстар уюштурулду.

Ал эми Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда  өткөн иш-чара кыргыз элинин улуттук адабиятына зор салым кошкон көрүнүктүү акын, жазуучулар Алыкул Осмонов менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналды. Анда студенттер арасында атайын сынак өткөрүлүп, катышуучулар акын-жазуучулардын өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча билимдерин сынашты. 

Иш-чаралар студенттердин адабиятка, улуттук маданий мураска болгон кызыгуусун арттыруу жана тарбиялоо максатында демилгеленди. 

 

Фото галерея