ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери 20-декарда Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасына экскурсияга барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер китепкананын бөлүмдөрүн кыдырып, маалымат алуу жолдору менен таанышты. Ошондой эле “Адамдар жаратылышты кантип жок кылып жатышат?” аттуу документалдык тасманы көрүштү. Андан кийин айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча пикир алышты. Аталган тасма президент Садыр Жапаровдун “Экологиялык коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында коюлду.
Экскурссиянын демилгечиси – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин улук окутуучу Нурзада Эргешова. Айымында, иш-чара студенттерди китепкананын ишмердүүлүгү, бай китеп фонду жана заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.