18–19-декабрда Ош мамлекеттик университетинде «Евразия Кей Джи» коомдук фонду уюштурган «Евразия» медиамектеби болуп өттү. Иш-чарага журналистика жана медиалингвистика адистигинде окуган 40тан ашуун студент, окутуучулар жана жаш журналисттер катышты.
Медиамектепке Кыргызстан жана Орусиядан келген тажрыйбалуу журналисттер катышып, студенттер менен өз кесиптик тажрыйбалары менен бөлүштү. Катышуучулар журналистиканын негизги принциптери, медиа сабаттуулук, этика жана сапат стандарттары боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практикалык тапшырмаларды аткарып, медиа тармагындагы көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Ош мамлекеттик университети менен «Евразия КЖ» коомдук фонду 2025-жылдын 20-ноябрында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.