Бермет Өмүрбакиева бокс боюнча өлкө биринчилигинде байгелүү орун алды

Башкы Жаңылыктар

Бермет Өмүрбакиева бокс боюнча өлкө биринчилигинде байгелүү орун алды

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенти Бермет Өмүрбакиева Кыргызстандын бокс боюнча биринчилигинде байгелүү орунга ээ болду. Ал 52 кг салмак категориясында күч сынашып, жыйынтыгында 3-орунду камсыздады.

Мелдеш 15-22-декабрь күндөрү Бишкек шаарында 2008-2009-жылы туулган кыздар арасында өттү. Турнирдин жүрүшүндө Өмүрбакиева Бишкектен жана Ысык-Көл облусунан келген эки атаандашын жеңип чыкты. 

Бермет Өмүрбакиева буга чейин эки ирет Кыргызстандын чемпиону болгон. Ошондой эле Азия чемпионатына катышкан. Ал бокс боюнча спорт чеберине талапкер жана бул спорт түрү менен беш жылдан бери машыгып келет. 

Окутуучуларынын айтымында, анын ийгиликтери тынымсыз эмгектин, өжөрлүктүн жана максатка умтулуунун жыйынтыгы болуп саналат. 





 

Фото галерея