Студенттер Кара-Суудагы өзгөчө балдар мектебине барышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Кара-Суудагы өзгөчө балдар мектебине барышты

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери 22-декабрда Кара-Суу шаарындагы дүлөй балдар жатак мектебинде болушту.

Алар окуучуларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, концерттик программа тарттуулашты. Ошондой эле түрдүү оюн-зоокторду уюштурушуп, балдар менен бирге көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Аны менен катар эле студенттер өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар окуучулар менен жекече иштеп, теориялык билимдерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара педагогика кафедрасынын окутуучусу Айсана Самиеванын демилгеси менен уюштурулду. Анын айтымында, бул сапар келечектеги педагог-студенттердин кесиптик тажрыйбасын арттырып, социалдык жоопкерчилигин калыптандырууга багытталган.

 

Фото галерея