ОшМУда студенттик стартаптардын өсүү аянтчасы болгон “Бизнес парк” иш алып барат.
2025-жылы бул жерде 21 стартап команда колдоого алынды. G-Face жана ZN Inclusive долбоорлору 851 миң сом грант утуп алды. Жыл ичинде 602 студент тренингдерден өтсө, 51 стартап ийгиликтүү иштеп жатат. 89 адам туруктуу жумуш менен камсыз болду.
Ал эми 2025-жылы жаңыдан ачылган 14 стартап өз ишин баштады. Алар ар түрдүү булактардан инвестиция, грант, сыйлык түрүндө 3 млн 265 миң 950 сом инвестиция жана грант алып, 23 жаңы жумуш ордун түздү.
Бүгүнкү күндө Бизнес парк тарткан инвестициянын жалпы көлөмү 16,5 миллион сомдон ашты.
ОшМУ – стартаптардын башаты!