ОшМУ тоо экосистемасын сактоо боюнча илимий долбоорунун бир жылдык жыйынтыгын чыгарды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ тоо экосистемасын сактоо боюнча илимий долбоорунун бир жылдык жыйынтыгын чыгарды

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) тоо экосистемасын сактоого багытталган илимий долбоорунун бир жылдык жыйынтыгын берди. Бул тууралуу 16-18-декабрда Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетте өткөн отчеттук иш-чарада маалымдалды.

Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланып жаткан илимий долбоорлордун алкагында уюштурулду. Анда ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору жүргүзүп жаткан жер көчкү баскан аймактарды калыбына келтирүү боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.

Баяндамада жер көчкүдөн жабыркаган аймактардагы көйгөйлөр, аткарылган практикалык иштер жана алынган натыйжалар тууралуу айтылды. Атап айтканда, ОшМУнун «Курбу-Таш» окуу-өндүрүштүк участогунда токой отургузуу, аймакты тосмолоо жана туруктуу мониторинг жүргүзүү иштери аткарылып жатканы белгиленди. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында түштүк аймактарда кеңири жайылып жаткан жер жана жайыт деградациясына каршы агро-токой мелиоративдик ыкмалар жакшы натыйжа берип жатканы аныкталган. Колдонулган биорекультивациялоо ыкмалары экологиялык жактан натыйжалуу экени белгиленди.

Борбордун директору Абдижапар Аккулов жер көчкү жана жер деградациясы бүгүнкү күндө өлкө үчүн олуттуу көйгөй экенин айтып, жүргүзүлүп жаткан иштер тоолуу аймактарды сактоого, жергиликтүү калк үчүн туруктуу чечимдерди сунуштоого багытталганын белгиледи.

Белгилей кетсек, «Жер көчкүдөн деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү: климаттын өзгөрүү шарттарында тоолуу экосистемаларды сактоо үчүн биорекультивациялоо иштерин жүргүзүү» аттуу илимий долбоордун алкагында эл аралык илимий-практикалык конференцияларда баяндамалар жасалып, РИНЦ жана башка илимий журналдарда төрт макала жарыяланган. Мындан тышкары бир илимий макала Scopus эл аралык базасына кабыл алынган.

 

Фото галерея