2025-жыл окуу жай үчүн ийгиликтер жылы болду.
Эл аралык аренадан баштасак. Мисалы, Болгарияда өткөн U-20 дүйнө чемпионатында Ош мамлекеттик университетине караштуу Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенти Жантөрө Мирзалиев алтын медаль утуп, Кыргызстандын тарыхында алтынчы дүйнө чемпиону болду.
![]()
Эркин күрөш боюнча Математика, физика, техника жана жана информациялык технологиялар институтунун 5-курсунун студенти Өскөнбай Абдисаматов Champions Cup 2025 мелдешинде күмүш медалга ээ болду. Мындан тышкары университеттин студенттери Дүйнө жана Азия чемпионаттарында, эл аралык мелдештерде жеңишке жетүүдө.
![]()
Ал эми футболдо: «ОшМУ» футбол клубу Кыргыз Премьер-Лигасында алтынчы орунду ээледи. Клубга Foton үлгүсүндөгү автобус тапшырылды.
Кара-Сууда реконструкцияланган «Манас» стадиону командага убактылуу пайдаланууга берилди.
![]()
«Университет – ОшМУ» волейбол командасы болсо, Жогорку лигада чемпион аталды. Кыз-келиндер командасы Улуттук лигада экинчи орунду, Волейбол федерациясынын президентинин кубогунда чемпиондукту жеңди.
Баса, «БК Университет ОшМУ» баскетбол клубу да өлкө чемпионатында үчүнчү орунду алды. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар аралык Универсиадада ОшМУ жалпы командалык эсепте төртүнчү орунду камсыздап, спорттун 10 түрү боюнча байгелүү орундарды алды. Ал эми кызматкерлер арасында өткөн «Ден соолук» спартакиадасында биринчи орунду ээледи.
ОшМУ – билим менен спортту бириктирген, чемпиондорду чыгарган университет!